Быйылкы жазгы талаа жумуштары кечеңдөөдө (видео)

2521

Быйылкы жазгы талаа жумуштары жай жүрүп жатат. Апрелдин аягына чейин өлкө боюнча болгону 375 миң гектар жерге урук себилген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 43 миң гектарга аз. Улуттук статистика комитети мындай жагдай туруксуз аба ырайынан улам жаралганын билдирүүдө.

Адистердин айтымында, жазгы талаа жумуштарынын өз убагында башталбай, 20 күнгө кечеңдеп жатышы дыйкандардын чыгымга учуроосуна алып келет. Айыл чарба министрлиги тарабынан муну алдын-алуу үчүн кандайдыр бир аракеттер көрүлүп жатабы?