НТС

«Дөө» Чыңгызды абактан колония жетекчиси чыгарганбы? (видео)

Дөө деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов 47-колониянын жетекчисинин сунушу менен эркиндикке чыгарылган. Бул тууралуу Жогорку сот тараткан маалыматта айтылат. Оор кылмыштарга айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган адамдын жаза мөөнөтү кескин кыскартылганы көпчүлүктү таң калтырууда. Бул боюнча чечим чыгарган Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун судьясы журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты. Ал арада, мурдагы ички иштер министри «криминалдык чөйрөнү соттордун киреше булагы» деп атады. Эксперттердин пикиринде, мыйзамдардагы алешемдик оор кылмыштар үчүн соттолгондорду бошотууга жол ачууда.