«Жусуп Абдрахманов» тууралуу тасма кинотеатрларда көрсөтүлө баштады

4316

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган толук метраждуу даректүү тасма бүгүнтөн тарта Кыргызстандагы бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Эске салсак, былтыр атайын сынак жарыяланып, анда режиссер Эрнест Абдыжапаров фильмди тартуу укугун жеңип алган. Тасмага 40 миң доллар сарпталып, башкы ролду актер Болот Тентимишов жараткан. Фильм 6 ай бою тартылып, анда Кыргызстандан тышкары, Москва, Ташкент, Алматыдан бери тарыхый материалдар чогултулган. Тасманын сценарийин журналист, публицист Бакыт Орунбеков жазып, эмгектин жабык бет ачары жайында болуп өткөн.

Белгилей кетсек, Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп иштеп, ал Кыргызстандын союздук жумурият макамын алышына өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан. 1930-жылдары ал жапырт ачарчылыкка дуушар кыла турган иш пландарына Кыргызстанды киргизбей коюуга жетишкен.

Жусуп Абдрахманов «контрреволюциячыл жана улутчул» деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атууга кеткен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.