Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгы белгиленди (видео)

3104

«Кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков СССРдин эл артисти, актер Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чарада айтты.

Өлкө башчы өз сөзүндө актер тартылган тасмаларында мыкты образ гана жаратпастан, элибиздин чыныгы улуттук жүзүн, мүнөзүн, айкөлдүгүн жана каармандыгын көрсөткөнүн белгиледи. Сүймөнкул Чокморов Кыргызстанда гана эмес дүйнө көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» деген сыйлыкты, эл аралык аренада эле 5 жолу жеңип алган.