НТС

“Достук” өткөрмө бекетинде турган фуралардын саны жүздөн ашат (видео)

Өзбекстан он күндөн бери Кыргызстанда өндүрүлгөн цементти өткөрбөй жатат. Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Учурда Кыргызстан-Өзбекстан чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде турган фуралардын саны жүздөн ашат. 2000 тонна цемент жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаалар кошуна өлкөгө өтө албай келишет. Айдоочулар эми жаан жааса цемент катып, чыгашага кабылабыз деп кооптонуп жатышат.