Талаш тартыш жараткан шайлоо мыйзамдары (видео)

1136

Депутаттар “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жыйынга чогулуп, анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Документте шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүү, күрөө акысын 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүү жана ошондой эле форма №2 арызы менен добуш берүүнүн тартибин өзгөртүү каралган.

Мындай демилге бир топ талаш-тартышты жаратканы менен жыйынтыгында 83 эл өкүлү колдоп берди. Айрым парламентарийлер документти парламентте экинчи жана үчүнчү окууда чукул карап, кабыл алуу зарылдыгын да билдиришти.