Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны жарым миллиондон ашты

11319

АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 85 миң кишиге жетип, өлкө биринчи орунга чыкты. Муну менен АКШ жугуштуу илдет башталып, үч айдай анын очогу болгон Кытай жана Италиядан да озуп кетти. Кечээ эле жаңы типтеги вирустан 150 киши көз жумуп, илдетти 10 миң киши жугузуп алганы аныкталган.

Ал эми коронавирустан набыт болгондордун жалпы саны 1200 кишиге жетти. «Ковид 19» Американын бардык штаттарынан аныкталып, Нью-Йорктун өзүндө эле 37 миңден ашык киши бул илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Аталган калаада жана бир нече штатта карантин жарыяланды. Бийлик өкүлдөрү жасалма дем алдыруучу аппараттар тартыш болушу мүмкүн экенин эскертип, медициналык мекемелерге күч келе баштагынын айтышууда.

Ал арада, АКШ Сенаты коронавирустан улам жабыркаган ишканаларга, элге, саламаттык сактоо системасына колдоо корсотуу үчүн 2 триллион 200 миллион доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырып берди.

Соңку маалыматтарга ылайык, дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны жарым миллиондон ашты, ал эми айыгып чыккандардын саны 120 миңден ашуун.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.