Жумалык: А. Эркебаев «Айрым партиялар жаштарды декорация катары колдонууда» (видео)

836

Мурда соттолгондордун же чуулгандуу кылмыш иштерге айыпталып учурда тергөө жүрүп жаткандардын талапкер болуп катталганына мыйзамдын жол бергенин эксперттер акылга сыйбай турган иш деп баалашууда. Муну Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун башчысы Эмилбек Каптагаев салыштыруу жүргүзүп, түшүндүрүүгө аракет кылган.

Анын айтымында, азыр мыйзам боюнча абакта отуруп чыккандар соттолгондугу жоюлса дагы, алардын колуна курал берип, жөнөкөй эле дүкөндү кайтаруусуна тыюу салынган. Бирок депутат болуп парламентке, атүгүл президент болуусуна ушул эле мыйзамдарыбыз жол берет. Мындайча айтканда, бир дүкөнгө кароолчу болууга ишенбеген адамга, бүтүндөй мамлекетти карматып, өлкөнү башкарып калса, Куралдуу күчтөрдүн колбашчысы болушуна ишеним артылат экен. Мына биздин депутаттар кабыл алган мыйзамдар.