Абдил Сегизбаев кимдерге каршы көрсөтмө бериши мүмкүн? (видео)

1541

Камакка алынган Абдиль Сегизбаевдин баш коргоо чарасын аныктоо боюнча материалдар азырынча сотко түшө элек. УКМКнын мурдагы төрагасы учурда убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал арада мурдагы башкы чекист кимдерге каршы көрсөтмө бериши мүмкүн деген суроо жарала баштады.

5 жыл мурда Белизден келген документтердин түп нускасы табылбай калганы аз келгенсип, Сегизбаев учурунда бул үчүн толук жоопкерчиликти аларын айтып келген. Бирок жакында эле ал документтер ошол убактагы президент тарабынан берилгенин билдирген болчу. Учурда бул ишке катышы бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүргүзүлүп жатыптыр.