Мухаммедкалый Абылгазиевдин кымбат баалуу мүлктөрү кайсылар? (видео)

2222

Мыйзамсыз баюу жана коррупция. Кылмышка шектелген жана соттолгон экс-премьер-министрлердин тизмеси узарууда. Өкмөттү 2 жыл жетектеп турган Мухаммедкалый Абылгазиев камакка алынды. УКМКнын маалыматы боюнча, мурдагы аткаминер Кумтөр кенинин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтомго карабай, ага уруксат берип койгон.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды легалдаштыруу үчүн кымбат баалуу мүлк сатып алып, аларды башка бирөөлөргө каттатып койгон деп айыпталууда.