Ишкердин каракталышы бизнесмендерди чоочутуп койду (видео)

1395

2 күн мурда Ош областында акча алмаштыруучу жай иштеткен ишкердин каракталышы бизнесмендерди чоочутуп койду. Алар өлкөдө криминогендик абал курчуп баратканын айтып коңгуроо кагышууда. Андыктан алар укук коргоо органдарынан, кылмышка шектүүлөрдү таап, жазалоону өтүнүп жатышат.

Кылмышкерлер кармалып, жазасын албаса, бул иш кайра кайталанышы мүмкүн деп кооптонушууда. Себеби мындай окуялар буга чейин да кайталанып, анын бир тобунда каракчылар табылбай келет.