Эң кир аба менен Бишкектин борбору дем алууда (видео)

3611

Бишкектин абасынын булганышы белгиленген чектен 11 эсеге жогорулады. Экологдор муну менен борбор калаа дүйнөдөгү абасы эң кир делген шаарлардын үчилтигине киргенин айтышты. Буга чейин экологиялык кыймылдардын бири борбордун бир нече жерине абанын курамын текшерүүчү атайын жабдыктарды орноткон.

Аппараттар абанын тазалыгын текшерүүдөн тышкары, курамында кайсыл зыяндуу заттар бар экенин да аныктап турат. Бүгүнкү көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы менен борбор калаанын баардык аймагында абал оор экени белгилүү болгон. Ал эми эң кир аба менен шаардын борбордук бөлүндөгүлөр дем алууда.