Коронавирус жуктуруп алгандар менен 6 миңдей адам байланышта болгон

2669

Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетовдун берген маалыматына ылайык, өлкө боюнча обсервацияда 1 миң 588 адам жатат. Жалпы 9 миң 128 изилдөө жүргүзүлгөн. Ал эми бир суткада 884 изилдөө болгон. Мамбетовдун айтымында, COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 6 миң 28ге жетет. Бирок эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал.

«Анын ичинде I категориядагы байланышта болгон жактардын (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) саны 1 миң 612 жана II категориядагы байланышта болгон жактардын (башкалар) саны 4 миң 416ны түзөт», — деп кошумчалады Мамбетов.

1-апрелге карата Кыргызстанда 111 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан. Реанимациядагы үч бейтаптын экөөсү Ноокат аймактык ооруканасында, бирөө Ош облустук ооруканасында жатат. Ал буга чейин жасалма дем алуу аппараты менен дем алып жатса, учурда өз алдынча дем ала баштаганы кабарланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.