Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 130 кишиге жетти

3503

Кыргызстанда дагы 14 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча илдетти жуктуруп алгандардын саны 130 кишиге жетти. «Төрт бейтап оор абалда, 1 адам жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында 61 жаштагы бейтап каза тапты. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды. Ошондой эле бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.