5 баланын энеси насыя төлөө үчүн бөйрөгүн сатууга даяр (видео)

3441

5 баланын энеси кредитин төлөө үчүн өзүнүн бөйрөгүн сатууга даяр. Дал ушундай маанидеги жарыя Ош областынын ооруканаларынын биринде пайда болгон. Жалгыз бой келин менен байланышканыбызда, ал 3 жыл мурда 30 миң доллар насыя алып, бирок аны өз убагында төлөй албай, карызга белчесинен батканын айтып берди.

Банк же финансылык уюмдардан кредит алгандардын көбү каражатын максатсыз пайдалангандар. Алсак той-топурга сарпталып кетүүдө. Бирок ага карабай жыл сайын насыя алууну каалагандардын саны өсүүдө.