Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча экс-башкы прокурор Аида Салянова кармалды. Ал алты жыл мурдагы орун басары Людмила Усманова жана мурдагы адистештирилген прокурор Майрамбек Акматалиев менен беттештирилип, суракка алынган.
Алынган маалыматтар боюнча, эки прокурор тең Аида Саляновага каршы көрсөтмө беришкен. Адистештирилген прокурор тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөнү айтылууда. Мурдагы башкы прокурор суракка чакырылып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.