Эки велоспортчуну сүзүп кеткен айдоочу сегиз жылга эркининен ажыратылды

2767

Велоспортчулар Евгений Требунский жана Илья Сидоровду сүзүп кеткен «Audi C4» автоунаасынын айдоочусу сегиз жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 9-сентябрда Чүйдүн Сокулук районунун соту чыгарганын облустук соттун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов Азаттыкка билдирген. Анын сөзү боюнча, айыпталуучу күнөөсүн толук моюнуна алды жана судья аны каза болгон спортчулардын өкүлдөрүнө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

«Соттолгон адамдан Евгений Требунскийдин өкүлдөрүнө материалдык зыян үчүн 286 миң сом, моралдык зыян үчүн 300 миң сом өндүрүлөт. Ал эми Илья Сидоровдун өкүлүнө материалдык зыян катары 194 миң сом, моралдык зыян үчүн 300 миң сом өндүрүлөт».

Велоспортчулар Евгений Требунский жана Илья Сидоров быйыл 30-июнда жол кырсыгынан каза болушкан. Окуя «Манас» аэропортуна кетчү трассада катталган. Триатлон федерация «Audi C4» үлгүсүндөгү машина шаарды көздөй бара жаткан велоспортчуларды сүзүп кеткенин, алардын бири ошол жерден жан берип, экинчиси ооруканага жетпей көз жумганын 1-июлда кабарлаган.

Федерациянын маалыматына караганда, Илья Сидоров СССРдин спорт чебери, Евгений Требунский Кыргызстандын спорт чебери болгон. Требунский Кыргызстандын Триатлон федерациясынын түптөлүшүнө катышкан. Сидоров федерация мүчөсү болуп, Indoor Triathlon мелдештерине катышкан.