Добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 миңге жетти

2994

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. 13-сентябрда бул көрсөткүч 253 миң, 8-сентябрда 188 миң болчу.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. БШК добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 жарандын тизмесин тактады. Шайлоо тилкелеринин саны — 2474. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот.