Балдар ооруканасында терезе керебетке кулап түшкөн (видео)

1770

Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасына жаңы имарат салынат. Бейтапкананы куруу иштери быйыл жаз-жай айларында башталат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова билдирди. Айтымында, жаңы имарат 220 койкага ылайыкташат.

Белгилей кетсек, балдар ооруканасы 57 жыл мурда салынган. Азыр эскилиги жетип, терезелери сынып түшүүдө. Кечээ эле анын бири бала жаткан керебетке кулап түшкөн. Бактыга жараша палатада эч ким болгон эмес.