Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМ кызматкери кармалды

3621

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 30 миң сом пара алып жатканда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Ал арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары «Пара талап кылуу» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.