Курсан Асанов эки айга №50 колонияга камакка алынды (видео)

2834

“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча мурдагы банкир Алмаз Сарыбаев камакка алынды. Сотто Курсан Асанов экөөнүн баш коргоо чарасы каралды. Үч күн мурда тараган аудиотасмада ички иштер министринин мурдагы орун басары менен Алмаз Сарыбаев экөө төңкөрүш уюштурууну пландап жатат деп көрсөтүлгөн.

Түндө болсо Жогорку Кеңештин азыркы 4 депутаты, мурдагы 3 эл окулу ички иштер министрлигинде кубо катары сурак берип чыгышты. Буга маданият окулдору жазды делген кат себеп болгон. Коомчулукта талкуу жараткан кайрылуу боюнча, анын автору эмне дейт?