Кыргызстанда коронавирус жуккан 14 жаңы учур катталды. Жалпы 58

3524

Кыргызстанда коронавирус жуккан 14 жаңы учур катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтуусуна караганда, алар Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан.

«Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусту жуктурган 58 учур аныкталды», — деп кошумчалады ал.

Алардын ичинен:

— Жалал-Абад облусунда – 27

— Ош облусунда – 26

— Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)

— Баткен облусунда – 1.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.