Кытайдан келген коронавируска каршы гумжардам (видео)

2617

Коронавирус илдетин жеңгенин жарыялаган кошуна Кытай бул вирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирип берди. Аны кыргыз тарап Нарындагы “Торугарт” өткөрмө-көзөмөл бекетинен өткөрүп алды.

Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү бул жугуштуу илдетти бекем тартип жана жоопкерчилик менен жеңүү гана толук мүмкүн экенин дагы бир жолу эскертишти.