Сауд Арабиясы мусулмандарды ажылык сапарды пландабай турууга чакырды

2596

Сауд Арабиясынын бийлик өкүлү коронавируска байланыштуу жагдай жөнгө салынмайынча быйылкы ажылык зыяратка камынып турган бир миллиондон ашык мусулманды бул сапарга ашыкпай турууга чакырды.

Аталган өлкөнүн ажы жана умра иштери боюнча министри Мухаммед Салех Бентан 31-мартта мамлекеттик телеканалдагы маегинде «Эр-Рияд бардык мусулмандардын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга даяр» деп айтты. Бирок ажылык зыяратка камынган мусулмандарды илдетке байланыштуу жагдай бир жаңсыл болмоюнча сапарга байланыштуу кандайдыр бир документтерге кол койбой турууга чакырды.

Министрдин бул билдирүүсү коронавирустун айынан быйылкы ажылык сапарды өтпөй калышы ыктымал деген сөздөр байма-бай айтылып жаткан маалга туш келди.

Быйылкы ажылык сапар 28-июлда башталып, 2-августка чейин уланмак. Ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын келишин чектеген.

Бул өлкөдө оору 1,5 миңден ашык адамдан аныкталды. Расмий маалымат боюнча, коронавирустан 10 киши көз жумду. Жакынкы Чыгышта илдет 75 миңдей адамга жукту жана оору 3,4 миңден ашык кишинин өмүрүн жалмады. Аймакта коронавируска байланыштуу Иранда жагдай оор болуп турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.