Күйүүчү майдын кымбатташына эмне себеп болууда? (видео)

1226

Өлкөдө тамак ашка кошулуп, күйүүчү майдын наркы күн санап өсүүдө. Борбор калаадагы май куюучу жайларында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 40 сом болсо, кечке жуук дагы бир сомго кымбаттады. Аймактарда бензиндин баасы мындан да жогору болуп, келерки айга баалар кандай болору белгисиз. Анткени Россия март айына карата мунайдын наркын беките элек экен.

Ал ортодо жазгы талаа жумуштары башталар алдында бензин менен дизел отунун асман чапчышы дыйкандарды ойго салууда. Ал арада алдыдагы 2 күндө күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 2-3 сомго кымбаттарй турганы белгиленди. Мунай базарындагы кымбатчылык кайсы убакка чейин созулат?