Акыркы мүнөттөрдө БШКга толгон талапкерлер (видео)

2676

Парламенттик шайлоого катышууну каалагандардын арызын кабыл алуу аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын эшиги жабылды. Адаттагыдай эле акыркы сааттарда, мүнөттөрдө келгендердин саны көп болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы кандидаттардын документтерин карап чыгып, талапка жооп бергендерди каттоого алгандан кийин гана талапкерлердин так саны белгилүү болот. Жогорку Кеңештин депутаты болууну каалагандардын арасында жакында эле соттолгондор дагы бар. Алар дагы каттоого алынабы?