Жумалык: Экологиялык таза азыктар экспорттолуп, өлкөнү импорттолгон азыктар басууда (видео)

1296

Саясат, шайлоо деп жатып кышка камылга, экономикалык маселелер көз жаздымда калбашы керек. Карапайым калк, анын ичинде дыйкан фермерлер өз арбайын согуп, түшүмүн өз убагында жыйнап, акча кылып калууга аракет кылып жатышат. Быйыл жер иштеткендердин маанайы жакшы. Анткени түшүмүн кымбат сатышууда. Эгер жазында үшүк жүрбөгөндө алар мындан дагы көп киреше табышмак. Бирок учурдагы баа бардык чыгымдарды жаап жатат деп сүйүнүп турган чагы. Жылда дыйкандар ушул маалда айыл чарба продукцияларын сата албай кыйналып турушчу. Быйыл пандемиядан уламбы, кошуна өлкөлөрдө Кыргызстандын тамак ашына суроо талап жогорулап жатат.

Базардагы кымбатчылык дыйкандардын капчыгын кампайтканы менен алуучулардын маанайын түшүрүүдө. Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза азыктар сыртка экспорттолуп, ички рынокто аз калып жатат. Мурда биздин таза тамак аштардын ордун импорттолгон жер жемиш, жашылчалар басып турчу экен. Алардын сапаты өзүнчө кеп. Чек аралардагы чектөөлөрдөн улам ошол сапаты күмөн жараткан азыктар дагы аз келип, баалардын жогорулашын шарттаган. Өлкөдө ички рынокту таза жана арзан тамак аш менен камсыздап, экспортту дагы жөнгө сала турган программа азырынча жок. Аткаминерлер эки тарапка тең ыңгайлуу шарт түзүп берүүнүн жолун таппай жатышыптыр.