УКМК Алмазбек Атамбаевдин абалы тууралуу маалымат таратты

3831

Улуттук коопсуздук комитети мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин абалы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, анын ал-акыбалы туруктуу жана мекеменин дарыгерлери күнү-түнү көзөмөлдөп жатышат.

Ошондой эле, айыпталуучу тарабынан саламаттыгына эч кандай арыздануулар болгон эмес. Эгер болсо медиктер тиешелүү жардам көрсөтүшөт, деп билдирет УКМК.

Эске салсак, мурдагы президенттин кичүү уулу маалымат таратып, анда Атамбаев инсульт же инфарктка кабылчу абалда турганын билдирген. Айтымында, кан басымы кескин төмөндөп кеткен. Адвокаты акыркы өлчөө кан басымынын 60ка 76 болгонун көрсөткөнүн билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.