НТС

Эмне үчүн аттракциондор иштебей калды? (видео)

Бишкектеги «Ататүрк» сейил багынын аймагына айрым аткаминерлер кайрадан көз арта баштадыбы? Дал ушул сейил бакта аттракциондорду иштеткен ишкерлер аларга айрым мекемелер бут тосуп жатканын билдирип чыгышты. Айтымдарында, оюн-зоок жабдыктарын атайын экспертизадан өткөндөрүнө карабастан, иштери токтотулган.

Муну алар аттракциондор турган тилкеге кимдир бирөөлөр көз артып жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Ал арада, бул боюнча Бишкек мэриясы түшүндүрмө берип, жаңы жобо иштелип чыкканын айтышты. Ага ылайык, шарттар да өзгөрүлөт экен.