Кыргызстандан сыртка чыккан акчанын көлөмү рекордго жакындады

5276

Кыргызстандан сыртка чыккан акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жакындады. Кеп жеке тараптардын которгон акчалары туурасында жүрүп жатат.

Январь айынан тарта августка чейин Кыргызстандан 335 миллион 980 миң доллар акча башка өлкөлөргө чыккан. Бул тууралуу Улуттук банкттан маалымдашты.

Бул көрсөткүч 2005-жылдан тарта мониторинг жүргүзүлө баштаган учурдан бери эсептелген. Бирок маалыматта сумманын көбөйүп кетишинин себеби айтылган эмес. Мурдагы рекорд былтыр коюлган, анда акчанын көлөмү 336 миллион долларды түзгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.