Таза суу жана канализация суусунун баасы 50%га жогорулады (видео)

5035

Бишкекте таза суу жана канализация суусунун баасы 50 пайызга жогорулады. Тарифти жогорулатуу сунушун Бишкек суу канал ишканасы киргизип, шаардык кеңештин депутаттары колдоп берди.

Мурда калаа тургундары ичүүчү суунун бир куб метри үчүн 5 сом 38 тыйын төлөп келсе, эми анын баасы 8 сом 10 тыйынга көтөрүлдү. Бирок буга шаар тургундары макул эмес. Укук коргоочулар суунун тарифтик саясатына каршылыгын билдирип, Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнөткөнү турушат.