Энергетикадагы каатчылыктан жапа чеккен жарандар (видео)

1824

Акыркы эки күндө эле өлкө боюнча электр энергиясын колдонуу былтыркы ушул убакка салыштырмалуу 10 пайызга көбөйүп, жалпы көрсөткүч кышкы мезгилдегидей көлөмгө жеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук электр тармактары мекемесинен билдиришти. Адистердин айтымында, мындай көрүнүш улана бере турган болсо, жабдыктар иштен чыгып калбашы үчүн ишкана жарыкты өчүрүүгө туура келет.

Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында электр энергиясы көп колдонулууда. Мисалы борбордогу 2 көмөкчордон 85 пайызга иштеп жатыптыр. Эгер 100гө жетсе, өчүрүүлөр болот экен. Ал арада өлкөнүн бир топ аймактарында электр энергиясы бир күн бою берилбей жатканы белгилүү болууда.