Өкмөт көмүрдү арзандатканы жатат (видео)

1738

Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин жаңы түзүлүшүн жана курамын бекитердин алдында талапкерлерге өлкөдөгү экономикалык, социалдык маселелер боюнча суроолорду узатышты. Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети 5 жылга эсептелген план менен келишкен.

Анда негизинен жаңы экономика саясатын жүргүзүү каралыптыр. Депутаттар көбүнесе өлкөдөгү кымбатчылык, айлыктардын аздыгы боюнча суроолорду беришип, эң башкысы Акылбек Жапаровдун бюджетти 400 млрд сомго жеткирүү убадасынынын аткарылышына кызыгышты.