“Кыргыз Петролеум” компаниясына пресс-тур уюштурулду (видео)

1568

Жалал-Абад шаарындагы “Кыргыз Петролеум” компаниясы былтыр Тажикстанга 4 миң тонна мазут экспорттогон. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Байгазы Матисаков билдирди. Ал Темиров лайф ютуб каналындагы журналистик иликтөөдө айтылган айрым фактыларга жооп кайтарды. Ошондой эле, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосундагы туугандык байланышы тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, 20-январда Темиров лайф ютуб каналынын журналистери «эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы» деген иликтөөнү жарыялаган. Ага жооп кылып “Кыргыз Петролеум” компаниясына журналистер үчүн пресс-тур уюштурулду.