Эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткан өлкөлөрдөн жашырынып келген жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат! Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. Анын маалыматына караганда, Италиядан Россия же Казакстан аркылуу келип, бирок аны жашырып, ички паспорт менен Кыргызстанга кирип кеткен жарандар катталган.
Мындай фактылар билинип калган учурда алар оңой эле табылат жана карантинге жаткырыла турганы айтылды. Эгер адамдар билип туруп, атайын ошондой кадамга барса, кылмыш кодексинин «санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Мындан улам, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз өмүрүнө, андан кийин жакындарынын жана башкалардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
Азыркы тапта, Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус өлкө аймагында катталган жок. Ошентсе да, оорунун алдын-алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү керектиги айтылууда. Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар тарабынан көтөрүлдү.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.