90

Эркин Асрандиев дагы бир рекорд коюну пландап жатат


Ысык-Көлдү сүзүп өткөн алгачкы кыргызстандык алдыда дагы бир рекорд коюну пландап жатат. Бишкек шаарынын тургуну Эркин Асрандиев эми аралыкты кеңейтип Чырпыкты айылынан Шор-Булак кыштагына чейин сүзүп барууну ойлонууда. Ал жакында эле көлдүн күнгөйүнөн тескейине чейин чабак уруп барды. Эки айылдын аралыгы 15 чакырымды түзүп, аны сүзүп өтүүгө 5 саат 24 мүнөт кеткен. Мындай ийгиликти жараткан мекендешибиз катуу чарчап калганын айтат. Бирок кыйынчылыктарды бат эле унутуп калган Эркин Асрандиевдин алдыда башка да чоң пландары