1037

Эртеңден тарта эреже бузуу менен токтотулган автоунаалар эвакуациялана баштайт

эвакуатор
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Эске салсак, былтыр административдик жоопкерчилик боюнча кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык анда жол боюнда туура эмес токтоп турган унаалар айып унаа токтотуучу жайына жеткирилет. Ошондой эле, унаа дөңгөлөктөрүнө атайын кулпулар орнотула баштайт, аны өз алдынча чечип койгондор – жазаланат. Буга кошумча, эреже бузган транспорт каражаттарын эвакуациялоо жана аны атайын токтотуучу жайда кармоо үчүн дагы, айдоочу бекитилген тариф боюнча акы төлөшү керек болот.