Таштанды полигонундагы түтүн качан өчөт? (видео)

1670

Бишкектин четине тезинен таштандыны кайра иштетүүчү завод курулсун. Бир нече активисттерден турган топ калаа бийлигине дал ушундай талабы менен кол топтоп кайрылуу жасашты. Акыркы жылдары таштанды полигонуна завод курулат деген убадалар айтылып, бирок сөз түрүндө эле калып келет.

Ал арада таштанды талаасынан каңырсып чыккан кара түтүн Бишкек шаарынын үстүн каптап, жарандардын ден соолугуна зыянын тийгизүүдө. Экологдор маселе чечилбесе, жакын арада чоң апаатка алып келет деп эскертишүүдө. Ошондой эле, полигонго жакын жайгашкан жаңы конуштун тургундары дагы булганган аба менен дем алып, сыркоолоп жатканын айтып нааразы. Чубактын кунундай чубалжыган таштанды маселеси качан чечилет?