234

Эсептөө палатасы: Ошто 17 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Счетная палата (2)
Ош шаарындагы бюджеттик мекемелер менен муниципалдык ишканаларда 17 миллион сомдон ашык суммадагы каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын билдиришти. Анын аудиторлору 2015-жылдын 1-июлунан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын текшеришкен. Жыйынтыгында Оштун мэриясында, шаардын каржы башкармалыгында, казыналыктын аймактык бөлүмүндө, бюджеттик мекемелер менен муниципалдык ишканаларда 17 миллион 300 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул сумма – негизсиз төлөнгөн айлык маяна, иш сапар, курулуш иштеринин баасын жогору көрсөтүү жана башка иштерге жумшалган. Аудит учурунда бул каражаттын 9 миллионго жакыны кайтарылган.