Казакстан Кыргызстанга өпкөнү дем алдыруучу аппарат жана бет кап жөнөтөт

3529

Коронавирус менен күрөшүү максатында Казакстан Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. Ага ылайык, гумжардам коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен берилмекчи. Келе турган гуманитардык жүктө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын 400 мобилдик комплекти жана Казакстандын ишканаларынан чыккан 2 миллион бет кап болору белгиленген.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолуккан. Анда тараптар COVID-19дун жайылышына каршы биргеликте аракеттерди көрүүгө өзгөчө көңүл бөлгөнү айтылган.

Эске салсак, өткөн жекшемби күнү Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары-дармек жана медициналык каражаттардан турган жардам келген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.