Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз Бүбүкан Досалиева каза болду

14917

Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” Бүбүкан Досалиева 62 жаш курагында 5-июлда катуу оорудан каза болду.

Бүбүкан Досалиева кесипкөй журналист, иштерман адис, мыкты устат, жарандык позициясы бекем, билими терең, адамдык парасаты бийик, көп кырдуу инсан болчу.

Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган.

1977–1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн.

Бүбүкан Досалиева Эмгек жолун Республикалык балдар китепканасында библиограф болуп иштөөдөн баштаган.

Журналисттик кесибинин алгачкы жылдары КТРК, “Сары Өзөн Чүй” радио, телеканалдарында иштеп, эгемен доордогу кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге чыгарууга олуттуу салым кошкон.

1995 — 2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин “Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” Кыргыз кызматынын “Азаттык Медиа” мекемесиндеги кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп келди. “Азаттыктын” телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Бүбүкан Досалиева эмгек жолунда журналисттик кесибине илимий-педагогикалык ишти да айкалыштырды. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук, Бишкек мамлекеттик университеттеринин журналистика, радио-телекөрсөтүү кафедраларында доцент, кафедра башчысы, окутуучу, улук окутуучусу болуп иштеп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялады.

Бүбүкан Досалиева Саясий илимдеринин кандидаты, “Кыргызстандагы ММКлар: саясий-укуктук аспект” аттуу илимий монографиянын, элүүдөн ашык илимий эмгектердин, “Энелер жөнүндө баллада” аттуу коомдук-популярдуу китептин автору, “Төрөкул Айтматов” аттуу китептин түзүүчүсү.

2010–2012 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеди.

1994-жылы Эл аралык Айтматов Коомдук Академиянын журналистика боюнча академиги болгон. 2015-2017-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон.

2003-жылы Президенттин “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаты болгон.

2005-жылы журналистикага сиңирген эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” мамлекеттик наамы ыйгарылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.