214

Фетхуллах Гүленге байланышы бар делген 831 адам кармалды

Гулен
Түркияда диний аалым Фетхуллах Гулен менен байланышы бар деп, бир жумада эле 831 адам кармалды. Мындан тышкары, террордук уюмдар менен алака түзгөн деген шек менен ондогон жарандар камакка алынган. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

Эске салсак, былтыр 16-июлда Түркияда аскердик көтөрүлүш жасоо аракети болуп, анда Анкара жана Стамбул шаарларында кагылышуулар катталган. Көтөрүлүш ишке ашпай калганы менен анда 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган. Бул аскердик төңкөрүш жасоо аракетине түрк бийлиги Гүлендин тиешеси бар деп таап, анын уюмун террордук деп тааныган.

Диний аалым өзү болсо бир канча жылдан бери АКШнын Пенсильвания штатында жашайт. Аны экстрадициялоо аракеттери көрүлүп, бирок андан майнап чыкпай келет. Буга чейин расмий Анкара Гүлен жана депутаттарды кошкондо 130 кишини жарандыктан ажыратаарын билдирген.