НТС

Филармониянын жанындагы өтмөк июлда оңдолот (видео)

Бишкектеги Улуттук филармониянын жанындагы жер алдындагы өтмөк июль айында толук калыбына келтирилет. Бул тууралуу баш калаанын мэриясынан билдиришти. Эскерте кетсек, жаан жаагандан кийин өтмөктүн шыбынан суу агып, бетондун шыбактары сыйрылып, көчүп түшө баштаган. Бишкек мэриясы 30 миллион сомго жакын каражат сарптап, реконструкцияланган өтмөктөгү кемчиликти жоюуга убада кылгандан бери 8 ай өттү. Капиталдык курулуш башкармалыгы болсо, жолдо куруу иштери июль айында башталып, анда асфальттык катмар алынып, ирригация жаңыланат деп ишендирүүдө.