1592

Финансы министрлиги мекемелерди акча сурап кайрылууну азайтууга чакырды

Минфин
Өкмөт быйылкыга пландалбаган иштерге 20 миллиард сом сарптаган. Финансы министрлиги мекемелерди акча сурап кайрылууну азайтууга чакырды. Анткени быйыл бюджетке 9 миллиард сомго жакын каражат түшпөй калуу коркунучу бар. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл казынага пландалган акчанын 8 миллиард 900 миллион сому түшпөй калат деген тобокелчиликтер пайда болду. Андыктан бюджет аткарылбай калышы мүмкүн. Мындан улам, финансисттер мамлекеттик мекемелерди кошумча чыгымдар боюнча кайрылууну токтотууга чакырышты. Андан сырткары, министрликтин маалыматы боюнча, 26-июлга карата республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарга бөлүнгөн каражат 20 миллиард сомго чукулдаган.

Алсак, 700 миллион сом жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга, 1 миллиард сом тартип сактоо органдары үчүн социалдык объекттерди курууга, 479 миллион сом президенттик шайлоого багытталган. Ал эми калган сумма пландалбаган башка дагы иштерге коротулган акча.