2017-жылы “Кумтөрдөгүлөр” Бабановго каршы үндөшкөн (видео)

1828

Кумтөр алтын кенинде иштеп кеткен айрым кызматкерлер 2017-жылкы президенттик шайлоонун алдында аларга «Бабановго добуш бербөөгө» үндөгөндөр болгонун билдиришүүдө. Анда «эгер Өмүрбек Бабанов мамлекет жетекчилигине келсе, Кумтөрду соо койбой, канадалыктарды кайра-кайра текшерип, былыктарын ашкерелеп, байма-бай комиссия түзөрүн айтып» коркутушкан.

Андыктан ага дал ошол аталган алтын кен боюнча айып коюлуп жатышы, акылга сыйбаган көрүнүш, дешет алар. Ошондой эле былтыркы пандемиядагы «апааттуу июль» айында Өмүрбек Бабановдун көмөгүн көргөн дарыгерлер да колдоо сөздөрүн айтып чыгышууда.