Таластыктар: “Ак жерден каралоо жакшылыкка алып келбейт” (видео)

2176

Медиктер коомчулуктун саясаттан алыс, унчукпай ишин жасай берген бөлүгү болуп келет, бирок Өмүрбек Бабановдун башына келип жаткан сыноо ойлондурбай койбойт. Бул тууралуу былтыр пандемия маалындагы апааттуу июлда Москвадан учуп келип, мекендештерине кол кабыш кылган дарыгер-реаниматолог Элвира Өмүралиева билдирип чыкты. Айтымында, медиктер тобунун четтен учуп келип, кыргызстандыктар үчүн иштөөсүнө шарт түзгөндөрдүн бири Өмүрбек Бабанов болгон.

Кечээ жакында эле Баткен окуясы болгондо да экс-премьер-министр четте карап турбай, ак халатчандардын бригадасын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккан. Ушундай эле колдоо пикирлерин Бабанов менен өкмөттө чогуу иштеп калгандар да айтып чыгышууда.