Ноокен районунда катталган жол кырсыгы 7 адамдын өмүрүн алды

7710

Бишкек — Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 7 киши каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык Ноокен районунун Бүргөндү айылына жакын жерде болуп, анда «Мерседес-Бенц Вито» менен «Хонда Джазз» унаалары кагышкан.

Окуя болгон жерге тиешелүү министрликтин 4 куткаруучусу, тез жардам жана милиция кызматкерлери барган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды автоунаадан чыгарып, тез жардам кызматына, каза тапкандарды милицияга өткөрүп беришкен. Маалыматтарга караганда, жабырланган 6 адам учурда Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканада.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.