Ош облусунун Кара-Суу районунда сууга чөгүп кеткен эки адамдын сөөгү табылды

5280

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Белгилей кетсек, 9-август күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ачы айылында каналга 2013-жылы туулган жаш бала чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштерин натыйжасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Издөө иштерине 11 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Ошондой эле 3-август күнү Ош шаарынын Озгур айылында Южный каналына 1994-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан маркумдун сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.