Шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жүргөн 2 журналистке кол салуу болду

7335

Алардын бири — Азаттык медианын кабарчысы Айгерим Акылбекова. Ал Талас шаарындагы №6108 тилкесинде барып, форма-2 арызы боюнча добуш бергени келгендерден түзүлгөн узун кезек тууралуу айтып жаткан. Ошол убакта белгисиз аял келип, камераны чаап, видеого тартууну токтотууну талап кылган.

Ошто дагы ушундай эле окуяга Клооп.кж сайтынын журналисттери тушуккан. Кабарчы Айбике Адилет кызынын айтымында, №5316 участкасына келишкенде  оператор Хамидулло Узаковго белгисиз бирөөлөр кол салган. Алгач алар оператордун видеого тартып жаткан уюлдук телефонун тартып алууну көздөп, андан соң операторду урушкан. Экинчи жолкусунда аппаратын алып, изин жашырып кетишкен.

Ошол убакта буга көз салып турган милиция кызматкерлери эч кандай чара көрүшкөн эмес, дешет журналисттер. Качан гана кол салгандар кетип калгандан кийин, тартип сакчылар ыкчам-тергөө тобун чакырганын айтышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.