Сүлүктүнүн шахтасында үч эркек жана бир аял киши газга ууланып каза болду

6083

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 23-июнда Сүлүктү шаарында болгон. “Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен үч эркек жана бир аял киши газга ууланып каза болду. Жаш курагы боюнча эң кичүүсү 19, эң улуусу 73 жашта болчу.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин алты куткаруучусу тартылган. Алар каза болгондордун сөөгүн шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирип беришкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.